Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Жалал-Абад облусунда Беш-Батман каналынын курулушу менен таанышты

Бүгүн, 2013-жылдын 3-июлунда, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев иш сапарынын алкактарында Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Ренжит өрөөнүн суу менен камсыз кылууну жакшыртуу максатында курулуп жаткан Беш-Батман каналынын курулушунун жүрүшү менен таанышты.  

Мамлекет башчысы Беш-Батман каналынын курулушу боюнча долбоор Кыргызстанды 2013-2017-жылдардын мезгилине туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясын жүзөгө ашыруу алкактарында ишке ашырылып жаткандыгын белгиледи.

Президент ошондой эле Стратегияга ылайык жыл сайын 10 миң га айыл чарба сугат жерлери пайдаланууга берилип турушу керектигин баса белгиледи.

Кыргыз Республикасынын айыл чарбасы жана мелиорация министри Чыңгысбек Узакбаев азыркы учурда каналдын 1200 метри курулуп бүткөндүгүн жана каналды ушул жылдын аягына чейин пайдаланууга берүү пландаштырылып жаткандыгын маалымдады.

Канал курулуп жаткан жерде Мамлекет башчысы Аксы районунун тургундары менен жолукту жана аларды кызыктырган суроолорго жооп берди.

Маалымат үчүн: Ренжит өрөөнүндөгү жерлерди суу менен камсыз кылууну жакшыртуу жана кийин жаңы сугат жерлерин көбөйтүү максатында “Аксы районунун Ренжит өрөөнүн суу менен камсыз кылууну жакшыртуу үчүн Беш-Батман каналынын түпкү бөлүгүн реабилитациялоо” долбоору иштелип чыккан. Долбоорго ылайык каналдын узундугу 7,46 кмны түзөт.

Долбоордун суммасы 411 млн. сомду түзөт. Азыркы убакытка 278 млн. сом каржыланды. Объектти толук бүтүрүү үчүн тендердик наркына ылайык зарыл сумма 133 млн. сом капиталдык салымдарды түзөт. Келечек план боюнча 3600 га жерди сугаруу пландалган.

2013-жыл 3-июль