Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Түркиянын Улуу Улуттук жыйынынын Вице-cпикери, профессор Мехмет Сагламды кабыл алды

Бүгүн, 2013-жылдын 4-июлунда, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Түркиянын Улуу Улуттук жыйынынын Вице-cпикери, профессор Мехмет Сагламды кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасы менен Түркия Республикасынын ортосундагы кызматташтыктын актуалдуу маселелери талкууланды. Профессор Мехмет Саглам ошондой эле мамлекет башчысына Ататүрк атындагы түрк тили сыйлыгын тапшырды.

Маалымат үчүн: Ататүрк атындагы түрк тили сыйлыгы тынчтыкты сактоого жана түрк тилин жана маданиятын өнүктүрүүгө өзүнүн маанилүү салымын кошкон адамдарга жыл сайын берилет.

Ататүрк атындагы түрк тили сыйлыгы менен мурда төмөнкүдөй лидерлер сыйланган:

-         Хосе Луис Родригес Сапатеро - Испаниянын Премьер-министри (2010-ж.);

-         Нурсултан Назарбаев - Казакстан Республикасынын Президенти (2008-ж.):

-         Гейдар Алиев - Азербайжан Республикасынын Экс-Президенти (2007-ж.)

2013-жыл 4-июль