Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргыз Республикасында тил саясатын өркүндөтүү боюнча жумушчу топтун кезектеги отуруму болуп өттү

 

Бүгүн, 2013-жылдын 2-августунда, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, жумушчу топтун жетекчиси, КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбековдун төрагалыгы алдында Кыргыз Республикасынын Президентинин «Кыргыз Республикасында мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө» 2013-жылдын 1-июлундагы Жарлыгын жүзөгө ашыруунун алкагында түзүлгөн Кыргыз Республикасында тил саясатын өркүндөтүү боюнча жумушчу топтун кезектеги отуруму болуп өттү.

Отурумдун катышуучулары стратегиялык документти ишке ашыруу маселелерин талкуулашты.

“Жумушчу топтун катчылыгына көп сандагы сунуштар келип түшүүдө. Аларды карап чыгып биз мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча иштиктүү программа түзүү боюнча конкреттүү ишти башташыбыз керек”, - деп белгиледи Чыныбай Турсунбеков.

Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин орун басары Назаркул Ишекеев катышуучуларга  кыргыз тилин билүү деңгээлин аныктоочу системаны түзүү боюнча жасалып жаткан иштер туурасында маалымат берди.  “Кыргызтест”системасы  эки этапта ишке ашырылаары болжолдонууда. Биринчи этабы 2013-2014-жылдары, экинчиси - 2014-2015-жылдары ишке ашырылмакчы.

Мындан тышкары, “Пирамида” медиахолдингинин базасында Кыргызстандын элинин тарыхый жана маданий мурастарын, анын ичинде тилди кеңири таанытууга, ошондой эле Кыргызстандын азыркы маданиятынын мыкты үлгүлөрүн алга илгерилетүүгө багытталган ар түрдүү пландагы телевизиондук берүүлөрдү көрсөтүү үчүн «Маданият-Тарых-Тил» телевизиондук каналын түзүү жана ишке киргизүү боюнча жумушчу топтун маалыматы угулду.

Талкуунун жыйынтыгында  келип түшкөн сунуштарды карап чыгып, жалпылаштыруу, мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү боюнчапрограмманын конкреттүү пункттарын иштеп чыгуу үчүн жумушчу чакан топторду уюштуруу чечими кабыл алынды.

Маалымат үчүн: КР Президентинин жарлыгында жумушчу топко 2013-жылдын 1-октябрына чейин өлкөдө 2014-2020-жылдарга мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү боюнча тутумдаштырылган сунуштарды иштеп чыгуу жана Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңешке берүү тапшырмасы берилген.

 

2013-жыл 2-август