Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Президент Нурсултан Назарбаевди туулган күнү менен куттуктады

Бүгүн, 2013-жылдын 6-июлунда, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Казакстан Республикасынын Президенти Нурсултан Назарбаевди туулган күнү менен куттуктады.

Анда мындай деп айтылган:

“Урматтуу Нурсултан Абишевич!

Туулган күнүңүз менен чын жүрөктөн куттуктаймын!

Сиздин күч-аракеттериңиздин аркасында Казакстан бүгүн жаңы, гүлдөгөн, эл аралык коомчулук урматтаган мамлекетти курууда жаркын ийгиликтерге жетишүүдө. Сиздин ийгиликтериңиздин көрүнүктүү мисалы азыркы Астана болуп саналат, анын дагы он беш жылдыгы менен куттуктай кетким келет.

Ортобузда калыптанып калган жеке жакшы мамилебизди жогору баалайм жана Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы союздаштык мамилелердин барган сайын чыңдалышына Сиздин туруктуу көңүл буруп келе жатканыңызды ардактайм.

Жетишилген келишимдерибизди жүзөгө ашыруу кылымдардан бери бирге келе жаткан, тилибиз, маданиятыбыз жана тарыхыбыз бир, бири-бирин колдогон достук салттарыбыз бар бир тууган элдерибиздин жыргалчылыгынын урматына мамлекеттерибиздин ортосундагы стратегиялык өнөктөштүгүбүздүн тереңдешине өбөлгө түзөрүнө ишенем.

Учурдан пайдаланып, урматтуу Нурсултан Абишевич, Сизге чын дилимден чың ден соолук, Сиздин мамлекеттик ишмердигиңизде арыбас күч-кубат жана жаңы ийгиликтерди, ал эми бир тууган Казакстан элине – тынчтык жана бакубаттык каалайм.

Урматтоо менен

Алмазбек Атамбаев”.

 

2013-жыл 6-июль