Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстанга Ысык-Көлдүн жээгинде машыгуу үчүн келген россиялык белгилүү профессионал спортчуларды кабыл алды

Бүгүн, 2013-жылдын 9-июлунда, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Кыргызстанга Ысык-Көлдүн жээгинде машыгуу үчүн келген россиялык белгилүү профессионал спортчуларды кабыл алды. Спортчулардын катарында бокс боюнча дүйнөнүн чемпиондору Александр Поветкин жана Денис Лебедев бар.

Президент россиялык спортчуларды жылуу кабыл алып, даярдык көрүү үчүн Ысык-Көлдү тандап алгандыгын колдоого алды.

 “Даярдык жыйындарын өткөрүү үчүн Ысык-Көлдүн жээгин тандап алганыңар бизге абдан жагымдуу нерсе. Ысык-Көлдүн аба ырайы жана таза абасы  спортчуларды жакшы даярдыктан өткөрүүгө көмөктөшөт. Советтер союзунун тушунда космонавттар бекер жерден космоско учаарда атайын даярдыктан өтүп, кайтып келгенде Ысык-Көл жээгинде эс алышпаса керек. Ысык-Көлдүн зор мүмкүнчүлүктөрүн туризмди өнүктүрүү максатында  пайдалануу керек деп эсептейм”,- деп баса белгиледи Алмазбек Атамбаев.

Спортчулардын атынан Александр Поветкин мамлекет башчысына ыраазычылык билдирип, өлкөнүн Президентине бардык жакшы иштерине  ийгилик каалады.

“Биз Ысык-Көлдүн жээгинде даярдык көрүү жыйындарын ийгиликтүү өткөрөөрүбүзгө ишенем”, - деп айтты белгилүү боксчу. Ошону менен бирге Ысык-Көлдүн жээги машыгуу үчүн эң сонун жер экендигин белгиледи. Ысык-Көлдүн жээгинде быйыл бир нече ирет машыгуу жыйындарын өткөргөн Россиянын бокс боюнча курама командасынын мүчөлөрүнүн сунушу боюнча Кыргызстанга келгендигин кошумчалады.

Президент белгилүү спортчуларга Ысык-Көлдүн жээгинде жакшы даярдыктан өтүүнү каалады.

Белгилүү россиялык боксчу Александр Поветкин машыктуруучу Александр Зимин менен Кыргызстанга оор салмакта дүйнөнүн чемпиондугу үчүн ат салышуу алдында Ысык-Көлдүн жээгинде даярдык көрүү жыйынын өткөрүү максатында келишкен.

 

2013-жыл 9-июль