Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргызстандын Президенти Алмазбек Атамбаев Россиянын Эсептөө палатасынын төрагасы Сергей Степашинди кабыл алды

Бүгүн, 2013-жылдын 25-июлунда Чолпон-Ата шаарындагы мамлекеттик резиденциясында Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Россия Федерациясынын Эсептөө палатасынын төрагасы Сергей Степашинди кабыл алды.

Сергей Степашин Президентке 2013-жылдын 24-июлунда Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Кеңеши менен Россия Федерациясынын Эсептөө палатасынын Коллегиясынын кошмо отурумунун жыйынтыктары жөнүндө маалымат берди.

Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-россиялык ири биргелешкен долбоорлорду каржылоонун аудитин кошуп алганда Кыргызстан менен Россиянын каржылык контролдоочу жогорку органдарынын ортосундагы мындан аркы кызматташтык маселелери талкууланды.

Сергей Степашин Кыргызстанга Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Кеңеши менен Россия Федерациясынын Эсептөө палатасынын Коллегиясынын кошмо отурумуна катышуу үчүн келген.

2013-жыл 25-июль