Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев “химиялык кастрация” жөнүндө мыйзамды четке какты жана жазаны күчөтүүгө чакырды

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бул чаранын “убактылуулугунан жана майнапсыздыгынан” улам педофилдерге карата химиялык кастрацияны колдонуу мүмкүндүгүн караган мыйзам долбоорун четке какты.

Мамлекет башчысы бул мыйзамды жүзөгө ашыруу коюлган максаттарга жетүүгө мүмкүндүк бербейт жана коомдо адилеттүү кыжырданууну жана жек көрүүнү жараткан оор кылмыштарды жасаган адамдарга карата жазаны реалдуу күчөтүүнү камсыз кылбайт деп эсептеди.

Кыргыз Республикасынын Президентинин пикири боюнча балдардын жыныстык кол тийбестигине каршы кылмыштарга каршы туруунун майнаптуулугу кылмыш-жаза жазасын ушундай категориядагы, жаш балдарга эле эмес, ошондой эле жашы жете элек адамдарга карата да жасалган кылмыштар үчүн өмүр бою эркинен ажыратууга чейин күчөтүү жолу менен жогорулатылышы мүмкүн.

Төмөндө Каршы пикирдин толук тексти келтирилет:

“1. Жогоруда аталган Мыйзам менен Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза, Жазык-процесстик, Жазык-аткаруу кодекстерине түзөтүүлөр киргизилүүдө, алар менен жаш балдардын жана жашы жете электердин жыныстык кол тийгистигине каршы кылмыш үчүн соттолгон жана сексуалдык тандоосунун бузулгандыгынан жапа чеккен (педофилия)адамдарга каратамедициналык мүнөздөгү мажбурлоочу чара катары химиялык кастрацияны соттун чечими боюнча колдонуу мүмкүндүгү киргизилип жатат. Бирок кабыл алынган Мыйзам жаш балдарга карата сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер үчүн (КЖКнын 130-бер. 4-б.), ошондой эле жашы жете электерди же жаш балдарды сексуалдык мүнөздөгү аракеттерге мажбурлоо үчүн (КЖКнын 131-бер. 2-3-б.) соттолгон адамдарга карата химиялык кастрацияны колдонуу мүмкүндүгүн карабайт.

2. Балдардын жыныстык кол тийгистигине каршы кылмыштар коомчулуктун адилеттүү кыжырдануусун жана айыптоосун жараткан өтө оор кылмыштар болуп саналат. Алар көкөйгө тийген, адам кечиргис жана коомдо жекирүүнү туудурган кылмыштардын катарына кирет. Мамлекет зарыл натыйжаны берүүгө кепилдик берген эффективдүү каражаттардын жардамы менен мындай кылмыштарга каршы аракеттенүүнүн натыйжалуулугун жогорулатышы керек деп эсептейм. Бирок кабыл алынган Мыйзам коюлган максатка жетүүгө мүмкүндүк бербейт.

Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча химиялык кастрация гормоналдык дары-дармектердин жардамы менен жасалат, алар тестостерондун (эркектердин жыныстык гормону) синтезделишин убактылуу токтотот. Хирургиялык кастрациядан айырмаланып химиялык кастрациянын эффекти кайра толугу менен баштагы калыбына келет жана тиешелүү дары-дармектерди организмге үзгүлтүксүз киргизүүнү токтоткондон кийин эркектин организминде тестостерондун деңгээли нормасына келет. Бардык учурларда химиялык кастрация алгач камакта кармоо жерлеринде, андан кийин эркиндикте дарыларды узак бою жана үзгүлтүксүз ичүүнү болжолдойт. Мында жогоруда аталган дары-дармектин таасирин соттолгон адам ийне саюунун жардамы менен тестостеронду алып токтото алат.

Саламаттыкты сактоо жагындагы эксперттердин химиялык кастрация кылмышкердин психикалык жана сексуалдык жүрүм-турумун өзгөртөөрүнө илимий далилдердин жоктугу, аны киргизүүнүн түрдүү аспекттеринин жана натыйжаларынын толук изилденбегендиги жөнүндө маалыматтарын, ошондой эле алардын ушул чаранын убактылуу жана эффективдүү эместиги жөнүндө ой-пикирин эске алуу зарыл.

Ушул негизде мындай кылмыштарга каршы аракеттенүүнүн аталган механизмин киргизүүгө бюджеттик жана башка каражаттарды колдонууну максатка ылайыктуу эмес деп эсептейм жана башка чараларды кароону сунуштайм.

Мисалы, ушундай чаралардын бири болуп мен кол койгон
2013-жылдын 9-июлундагы № 126 Мыйзам саналат, ал жаш балдардын жыныстык кол тийгистигине каршы кылмыш үчүн жазаны өмүр бою эркиндигинен ажыратууга чейин катуулатууну карайт.

Балдардын жыныстык кол тийгистигине каршы кылмыштарга каршы аракеттенүүнүн эффективдүүлүгү жаш балдарга карата эле эмес, ошондой эле жашы жете электерге карата да жасалган ушул категориядагы кылмыштар үчүн жазык жазасын андан ары өмүр бою эркиндигинен ажыратууга чейин катуулатуу аркылуу жогорулатылышы мүмкүн.

Кабыл алынган Мыйзамды ишке ашыруу коюлган максаттарга жетүүгө мүмкүндүк бербей тургандыгын эске алып, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктун жана 81-беренесинин 2-бөлүгүн жетекчиликке алып, “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын максатка ылайыксыз катары кайра кайтарам”.

 

2013-жыл 26-июль