Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргызстандын Президенти Алмазбек Атамбаев Германиянын Федералдык канцлери Ангела Меркелден ыраазычылык кат алды

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Германия Федеративдүү Республикасынын Федералдык канцлери Ангела Меркелден ыраазычылык кат алды.

Ангела Меркель туулган күнүнө байланыштуу куттуктагандыгы үчүн Президентке чын жүрөктөн  ыраазычылык билдирип, төмөнкүдөй белгиледи: “Мен өткөн жылы декабрдагы Берлинде болгон биздин жолугушуубузду жана өз ара кызыгууну туудурган маекти канааттануу менен эстейм. Германиянын Федералдуу Өкмөтү Кыргызстанда мындан ары да демократияны өнүктүрүүгө жана мыйзамдын үстөмдүгүнө багытталган Сиздин аракеттериңизди ар тараптан колдойт”.

“Биздин жолугушуудан кийин эки тараптуу мамилелерди тереңдетүү боюнча келип чыккан идеялар биздин биргелешкен ишибиздин алгачкы жыйынтыктарын чыгара алаарыбызга мындан ары да ишеним берет”, - деп баса белгиледи Германиянын Федералдык канцлери.

 

2013-жыл 5-август