Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев айыл чарба жана мелиорация министри Чынгысбек Узакбаевди кабыл алды

Бүгүн, 2013-жылдын 5-августунда, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасынын айыл чарба жана мелиорация министри Чынгысбек Узакбаевди кабыл алды.

Мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев 2013-2017-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясында коюлган милдеттерди жүзөгө ашыруунун маанилүүлүгүн баса белгиледи. Аларга ылайык 2017-жылга карата 50 миң гектардан аз эмес жаңы сугат жерлери жүгүртүүгө киргизилип жана кайтарылып алынат, ал эми сугат жана ичүүчү суу менен 80 миң дыйкан чарбасы же 200 миңден ашык адам кошумча камсыз болот.

 

2013-жыл 5-август