Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Жогорку Кеңешке макулдашылган вариантты иштеп чыгуу үчүн “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” Мыйзамга каршы пикир жөнөттү

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине 2013-жылдын 20-июнунда кабыл алынган “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” (Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине, “Күрөө жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) Кыргыз Республикасынын Мыйзамына каршы пикир жөнөттү.

Анда мындай деп айтылат:

2013-жылдын 20-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” (Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине, “Күрөө жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) Кыргыз Республикасынын Мыйзамын (мындан ары – Мыйзам) төмөнкүдөй негиздер боюнча кайра кайтарам.

Мүлк жеке адамдын менчик укугундагы жалгыз турак жайы болуп саналган учурда, жеке адамдын күрөө мүлкүн өндүрүп алуунун соттон тышкаркы тартибин жокко чыгарууга багытталган Мыйзамдын максатын жалпысынан колдойм.

Ошону менен катар Мыйзамда “Күрөө жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 68-беренесине күрөө кармоочуну күрөө мүлкүнүн рыноктук баасын аны сатуу учурунда аныктоо үчүн көз карандысыз баалоочуну тартуу боюнча чараларды көрүүгө, көз карандысыз баалоочунун талапкерлигин жана анын кызмат көрсөтүүлөрүнүн наркын күрөө берүүчү менен макулдашууга милдеттендирүүчү толуктоо киргизүүнү максатка ылайыксыз деп эсептейм.

Колдонуудагы мыйзамда күрөө сатылган учурда күрөө берүүчүнү коргоо механизмдери каралган. Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 393-беренесине ылайык тараптардын ортосунда келишимдин бардык олуттуу шарттары боюнча макулдашуу жетишилүүгө тийиш, алардын бири болуп күрөөгө коюлган мүлк сатылышы мүмкүн болгон нарк саналат. “Күрөө жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 63-беренесине ылайык өндүрүп алууну күрөөгө айлантуунун соттук тартибинде сот күрөөнү сатып өткөрүү ыкмасын, көз карандысыз баалоочунун корутундусунун негизинде күрөөнүн баштапкы сатуу баасын (талаш-тартыш болгон учурда) жана башка жагдайларды аныкташы керек. “Күрөө жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралгандай өндүрүп алууну күрөөгө айлантуунун соттон тышкаркы тартиби күрөө кармоочу менен күрөө берүүчүнүн ортосунда түзүлгөн өндүрүп алууну күрөөгө айлантуунун соттон тышкаркы тартиби жөнүндө макулдашуунун негизинде ишке ашырылат, анда күрөөнү сатып өткөрүү ыкмасы айтылат. Андан тышкары, “Күрөө жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында (69-берене) эгерде күрөө берүүчү өндүрүп алуу боюнча сатып өткөрүү учурунда күрөөгө коюлган мүлктүн негизделген рыноктук наркы сатуу наркынан жогору экенин далилдесе, ал чыгашаларды күрөө кармоочу тарабынан ордун толтуртуу үчүн сотко арыз менен кайрылууга укуктуу экендиги аныкталган.

Мыйзам менен сунушталган күрөө кармоочуну көз карандысыз баалоочунун талапкерлигин күрөө берүүчү менен макулдашууга милдеттендирүүчү толуктоо күрөө берүүчүгө көз карандысыз баалоочунун сунушталган талапкерлигине макулдук берүүдөн баш тартууга негиз түзөт жана аны менен күрөө кармоочунун укуктарынын аткарылышына тоскоолдук болот. Мында күрөө берүүчү макул болбогон учурда күрөө кармоочунун андан аркы иш-аракеттеринин механизми ачык көрсөтүлгөн эмес, башкача айтканда күрөөнү баалоо жана сатуу жол-жобосунда башынан эле белгисиздик фактору камтылган.

Ошентип сунушталуучу толуктоо кредиттердин калк үчүн жеткиликтүүлүк деңгээлине терс таасир этиши мүмкүн, алсак, финансылык-кредиттик мекемелер жөнү жок убактылуу жана акчалай чыгымдарды, анын ичинде кредиттер боюнча потенциалдуу жоготууларга жана зыяндарга резервдерди түзүүгө орду толбос чыгашаларды тарткандыктан кредиттөөнүн консервативдүү саясатын жүргүзүүгө мажбур болушат. Ошондой эле айыл жергесинде жана айрым региондордо көз карандысыз баалоочулардын жоктугун эске алуу зарыл, бул Мыйзамды аткаруу үчүн кошумча тоскоолдук болуп саналат.

Күрөө берүүчү менен күрөө кармоочунун укуктарынын тең салмагын кармоо зарылдыгын, эл аралык тажрыйбаны эске алып, күрөө берүүчү күрөөнү сатуу үчүн белгиленген нарк менен макул болбогон учурда өндүрүп алууну күрөөгө айлантуунун соттон тышкаркы тартиби үчүн милдеттүү тооруктарды киргизүү жөнүндө маселени караса болот эле.

Жогоруда баяндалгандардын негизинде, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктун жана 81-беренесинин 2-бөлүгүн жетекчиликке алып, 2013-жылдын 20-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” (Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине, “Күрөө жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) Кыргыз Республикасынын Мыйзамын макулдашылган вариантты иштеп чыгуу үчүн кайра кайтарам”.

2013-жыл 5-август