Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Кыргыз шахмат федерациясынын президенти Милан Турпановду кабыл алды

Бүгүн, 2013-жылдын 7-августунда, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Кыргыз шахмат федерациясынын президенти Милан Турпановду жана шахматчы Михаил Марковду кабыл алды.

Жолугушуунун башында Мамлекет башчысы кыргызстандык спортчу Михаил Марковдун алдыда боло турган Дүйнө кубогуна катышуусу маанилүү окуя экендигин жана ал үйрөнчүк шахматчыларга дем берерин баса белгиледи.

Биринчи жолу Кыргызстан ФИДЕнин карамагында Норвегиянын Тромсё шаарында 10-августта баштала турган шахмат боюнча Дүйнө кубогуна катышмакчы. Михаил Марков мындай укукка шахмат боюнча Дүйнө чемпионатынын тандоо турунун жыйынтыктары боюнча ээ болду. Анда Борбор Азия жана Афганистан өлкөлөрүнөн 30дан ашык шахматчы катышкан.  

Президент Михаил Марковго шахмат боюнча Дүйнө кубогуна алдыдагы таймаштарда ийгиликтерди каалады.

Жолугушуунун жүрүшүндө Милан Турпанов Мамлекет башчысына Федерациянын Кыргызстанда шахмат турнирлерин өткөрүү боюнча пландары, ошондой эле спорттун бул түрүн өнүктүрүүгө багытталган чаралар туурасында маалымат берди.  

“Федерациянын пландарында шахматтык академияны, биринчи кезекте балдар үчүн, түзүү бар”, - деп айтты Милан Турпанов. Ал ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин кубогуна ушул жылдын майында өткөн  балдардын шахмат турнири балдар арасында шахматты жайылтууга маанилүү салым кошкондугун баса белгиледи.

Шахматтын ролу жөнүндө айтып, Президент мындай деп белгиледи: «Шахмат – бул спорттун өзгөчө түрү. Ал мүнөздү курчутуп, максатка умтулгандыкка, алдыга койгон максатка жана жеңишке жете билүүгө тарбиялайт”. 

 

2013-жыл 7-август