Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

АКШ Президенти Барак Обама Президент Алмазбек Атамбаевди жана Кыргызстандын элин Орозо айт майрамы менен куттуктады

Америка Кошмо Штаттарынын Президенти Барак Обама Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевди жана Кыргызстандын элин Орозо айт майрамы менен куттуктады.

Куттуктоонун тексти:

“Урматтуу мырза Президент,

Америка элинин атынан мен Сизге жана Сиздин элиңизге кубанычтуу Орозо Айт майрамында эң мыкты каалоолорумду билдирем.

Өткөн айда мусулмандар АКШда жана бүткүл дүйнө боюнча үй-бүлөлөрү жана достору менен ишениминин күчүн курчутуу жана анча жолу болбой калгандарга көмөк көрсөтүү менен Рамадандын салттарын тутунушту. Рамадан айы Сиздердин өлкөнүн мусулмандык коомчулугу үчүн жаңылануунун жана ой жүгүртүүнүн мезгили болду деген үмүттөмүн. 

Сизге жана Сиздердин элге келе жаткан жылда тынчтык, чың ден соолук жана гүлдөп-өсүү менен ырахаттанууңуздарды каалайм. Орозо Айт Мубарак болсун!

Чын дилден Сиздин

Барак Обама

Америка Кошмо Штаттарынын Президенти”

2013-жыл 7-август