Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Ислам Каримов Президент Алмазбек Атамбаевди жана Кыргызстандын элин Орозо айт майрамы менен куттуктады

Өзбекстан Республикасынын Президенти Ислам Каримов Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевди жана Кыргызстандын элин Орозо айт майрамы менен куттуктады.

Куттуктоонун тексти:

“Урматтуу мырза Президент,

Ыйык Рамадан айына байланыштуу, улуу Мартабалуу, Сизге чын жүрөктөн куттуктоолорду жана жакшы ниет-каалоолорумду жолдоймун. 

Учурдан пайдаланып, бул керемет майрамда Сизге чың ден соолук, ал эми дос кыргыз элине – ар дайым тынчтык, өнүгүүнү жана бакубатчылыкты каалаймын.

Урматтоо менен,

Ислам Каримов

Өзбекстан Республикасынын Президенти”

 

2013-жыл 8-август