Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев финансы министри Ольга Лаврованы кабыл алды

Бүгүн, 2013-жылдын 13-августунда Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев өлкөнүн финансы министри Ольга Лаврованы кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө үстүбүздөгү жылдын республикалык бюджетинин аткарылыш маселелери, ошондой эле каржы документинин 2014-жылга долбоору талкууланды.

Президент жакынкы келечекте 2013-2017-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясынын максаттарына, атап айтканда, экономиканы туруктуу өнүктүрүүгө, теңдештирилген бюджетке жана инфляцияны алдын ала айтууга жетишүү зарылдыгын белгиледи.

 

 

2013-жыл 13-август