Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин III саммитине катышат

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Азербайжан Республикасынын Габала шаарында 2013-жылдын 15-16 августунда өткөрүлө турган  Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин III саммитине катышат.

Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин саммитинде уюмдун катышуучу-өлкөлөрүнүн ортосундагы кызматташууну мындан нары өнүктүрүү маселелери талкууланат.

Ошондой эле, отурумдун жүрүшүндө Кеңештеги төрагалыктын Кыргызстандан Азербайжан тарапка өткөрүлөөрү болжолдонууда.

Саммиттин алкагында Президент Алмазбек Атамбаевдин уюмдун мүчө-мамлекеттеринин башчылары менен жолугушуулары пландаштырылууда.

 

2013-жыл 14-август