Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Каныбек Нарбаевди кабыл алды

Бүгүн, 2013-жылдын 14-августунда, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин  директору Каныбек Нарбаевди кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө Каныбек Нарбаев курулуш секторундагы жагдай жөнүндө Президентке маалымат берди. Ал 2013-жылдын жыйынтыктары боюнча 141 объекттин курулушу каржыланарын белгиледи. Алардын арасында мектептердин, саламаттык сактоо объекттеринин, суу менен камсыз кылуу тутумдарынын, ошондой эле Нарын жана Чолпон-Ата шаарларындагы тазалоочу курулмалардын курулуштары бар.

Мамлекет башчысына ошондой эле 2013-жылдын аягына чейин өлкөдө капиталдык курулуштун 69 объектиси пайдаланууга тапшырылары билдирилди.

Президент Алмазбек Атамбаев үстүбүздөгү жылга пландаштырылган бардык курулуш иштеринин өз учурунда бүткөрүлүшүнүн маанисин баса белгиледи.     

2013-жыл 14-август