Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Азербайжанга Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин III Саммитине катышуу үчүн келди

Бүгүн, 2013-жылдын 15-августунда, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Азербайжан Республикасынын Габала шаарына Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин III Саммитине катышуу үчүн келди.

Саммитте уюмдун катышуучу-өлкөлөрүнүн ортосундагы кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү боюнча маселелерди талкуулоо пландалууда.

Ошондой эле отурумдун жүрүшүндө Кеңешке төрагалык кылууну Кыргызстан азербайжан тарапка өткөрүп берүүсү күтүлүүдө.

Саммиттин алкактарында Президент Алмазбек Атамбаевдин уюмдун катышуучу-өлкөлөрүнүн башчылары менен бир катар эки тараптуу жолугушуулары пландалган. 

 

2013-жыл 15-август