Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Түркиянын Президенти Абдуллах Гүл менен жолугушту

Бүгүн, 2013-жылдын 15-августунда, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин III Саммитине катышуунун алкактарында Түркия Республикасынын Президенти Абдуллах Гүл менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө Мамлекеттердин башчылары Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы кызматташтыктын жогорку деңгээлде экендигин белгилешти, ошондой эле эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүү боюнча мындан аркы кадамдарды талкуулашты. 

Ошондой эле Алмазбек Атамбаев менен Абдуллах Гүл Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешин мындан ары чыңдоо жана уюмга мүчө мамлекеттердин ортосундагы кыйла тыгыз өз ара аракетти өнүктүрүү зарылдыгын белгилешти. 

2013-жыл 15-август