Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Азербайжандын Президенти Ильхам Алиев менен жолугушту

Бүгүн, 2013-жылдын 15-августунда, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин III Саммитине катышуунун алкактарында Азербайжан Республикасынын Президенти Ильхам Алиевменен жолугушту.

Президент Алмазбек Атамбаев азербайжан кесиптешине жылуу кабыл алгандыгы, меймандостугу жана ТМКК Саммитин жогорку деңгээлде уюштургандыгы үчүн ыраазычылык билдирди. Мамлекеттердин башчылары ТМКК алкактарындагы кызматташтыкты мындан аркы да чыңдоонун маанилүүлүгүн белгилешти.

Ошондой эле, Мамлекеттердин башчылары Президент Алмазбек Атамбаевдин өткөн жылдын жазында Азербайжанда болуп өткөн расмий сапарынан кийинки эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулашты.

2013-жыл 15-август