Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин III саммитин ачты

Бүгүн, 2013-жылдын 16-августунда, Азербайжан Республикасынын Габала шаарында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин III саммитин ачты.

Мамлекет башчысы  Азербайжандын Президенти Ильхам Алиев, Казакстандын Президенти Нурсултан Назарбаев жана Түркиянын Президенти Абдуллах Гүл  менен амандашып, Уюмдагы төрагалыкты  расмий түрдө Азербайжан Республикасынын Президенти Ильхам Алиевге өткөрүп берди.

Президент Алмазбек Атамбаев көрсөткөн меймандостугу жана ТМКК III саммитин  жогорку деңгээлде уюштургандыгы үчүн азербайжандык коллегасына ыраазычылык билдирди.

Мамлекет башчысы Азербайжан Республикасынын Президентине  төрагалык ишине  ийгиликтерди каалады.

Президент Алмазбек Атамбаев Азербайжандын төрагалыгы алдында ТМКК  катышуучу-өлкөлөр ортосунда кызматташууну мындан ары тереңдетүү боюнча иштер улантылаарына ишенимин билдирди.

 

2013-жыл 16-август