Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин III саммитинин отурумуна катышты

Бүгүн, 2013-жылдын 16-августунда, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Азербайжан Республикасынын Габала шаарында Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин III саммитинин отурумуна катышты.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө уюмдун катышуучу-өлкөлөрүнүн басып өткөн тарыхы бир, кайталангыс маданий жана руханий дөөлөттөргө бай элдерибиз бар экендигине токтолду. Биримдигибизди арттырып, кызматташуубузду жаңы, бийик деңгээлге жеткирүүгө бизде саясый эркибиз да, экономикалык мүмкүнчүлүктөрүбүз да бар деп белгиледи. Кыргызстан ар дайым жолугушууларды жыйынтыктуу өткөрүп, конкреттүү чечимдерди кабыл алууну колдоорун баса белгиледи.

Президент Алмазбек Атамбаев, өз ара пайдалуу регионалдык долбоорлорду ишке ашырууга өтүүнү колдоп, тактап айтканда, ТМКК өлкөлөрүн байланыштырган  темир жолдун курулушу тууралуу маселени тереңдетип иштеп чыгуунун маанисин белгилеп өттү. “Биз түзгөн ТМККнын негизи ири-ири жыйынтыктарга алып келип, уюмдун катышуучу-өлкөлөрүнүн кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн алда канча кеңейтээрине ишенем”,-деди Алмазбек Атамбаев.

Мамлекет башчысы коллегаларынын көңүлүн өлкөлөр ортосундагы кызматташууга  күчтүү дем берип, ТМККны чыңдоого жана өнүктүрүүгө өбөлгө түзчү конкреттүү долбоорлорду ишке ашыруу боюнча биргелешип иш жүргүзүү зарылчылыгына  бурду.

Президент Алмазбек Атамбаев жетишилген макулдашуулар ТМКК катышуучу-өлкөлөрдүн элдеринин кызыкчылыгына кызмат кылаарына терең ишенээрин билдирди.

 

2013-жыл 16-август