Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Казакстандын Президенти Нурсултан Назарбаев менен жолугушту

Бүгүн, 2013-жылдын 16-августунда, Азербайжан Республикасынын Габала шаарында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин III саммитине катышуунун алкагында Казакстан Республикасынын Президенти Нурсултан Назарбаев менен жолугушту.

Жолугушууда эки тараптуу мамилелердин актуалдуу маселелери жана эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыкты чыңдоо боюнча мындан наркы кадамдар талкууланды.

Ошондой эле Алмазбек Атамбаев менен Нурсултан Назарбаев Казакстанда өтө турган Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын Жогорку Мамлекеттер аралык Кеңешинин жыйынын маселелерин талкуулашты.

Тараптар мамлекет башчылары деңгээлиндеги Жогорку Мамлекеттер аралык Кеңешинин даярдоо үчүн эки өлкөнүн Премьер-министрлери быйылкы жылдын күзүндө Кыргыз-Казакстан Өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынын өткөрүү боюнча макулдашууга жетишишти.

2013-жыл 16-август