Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Кытай Эл Республикасынын Синьзян-Уйгур автономиялуу районунун Кызыл-Суу Кыргыз автономиялуу облусунун Элдик Өкмөтүнүн төрагасы Пархат Турдуну кабыл алды

Бүгүн, 2013-жылдын 17-августунда, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Кытай Эл Республикасынын Синьзян-Уйгур автономиялуу районунун Кызыл-Суу Кыргыз автономиялуу облусунун Элдик Өкмөтүнүн төрагасы Пархат Турдуну кабыл алды

Жолугушууда Кыргызстандын Кытай Эл Республикасынын Синьзян-Уйгур автономиялуу районунун Кызыл-Суу Кыргыз автономиялуу облусу менен маданий-экономикалык кызматташтыкты мындан нары өнүктүрүү маселелери талкууланды.

Алмазбек Атамбаев Кытай Эл Республикасы менен жакшы коңшулаштык мамилелерди, достук жана эки тараптуу өз ара пайдалуу кызматташтыкты мындан нары өнүктүрүүгө чоң маани берип, стратегиялык өнөктөштүккө өтүшүн белгиледи.

Өз кезегинде Пархат Турду мамлекет башчыга облустун социалдык-экономикалык өнүгүүсү, ошондой эле Кытай Эл Республикасынын Синьзян-Уйгур автономиялуу районунун Кызыл-Суу Кыргыз автономиялуу облусунун 60 жылдыгын майрамдоого даярдык жөнүндө айтып берди.

2013-жыл 17-август