Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Бороновду кабыл алды

Бүгүн, 2013-жылдын 19-августунда, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Бороновду  кабыл алды. 

Жолугушуунун жүрүшүндө министр мамлекет башчысына Нарын жана Ысык-Көл облустарында жакында болуп өткөн селдердин кесепеттерин калыбына келтирүү боюнча жүргүзүлүп жаткан  иштер туурасында маалымат берди.

Жолугушууда  турак жай  фондун милдеттүү түрдө камсыздандыруу зарылчылыгы тууралуу маселе дагы талкууланды.


2013-жыл 19-август