Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Социалдык фонддун төрагасы Мухамметкалый Абулгазиевди кабыл алды

Бүгүн, 2013-жылдын 20-августунда Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев өлкөнүн Социалдык фондунун төрагасы Мухамметкалый Абулгазиевди кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө Соцфонддун башчысы Президентке быйылкы жылдын 1-октябрынан баштап, пенсияларды жогорулатуу боюнча пландар жөнүндө маалымдады. Индексациялоодон кийин пенсиялардын өлчөмү 11%га көбөйөт жана 4,554 сомду түзөт. Пенсияларды жогорулатуу 571,000 пенсионерди камтыйт. Тирлик минимумунан төмөн пенсия алган адамдардын саны пенсияларды жогорулатуунун жыйынтыгы боюнча 3%га төмөндөйт жана 334,000 адамды түзөт.

Жолугушууда ошондой эле фонддун ишинин маселелери жана анын бюджетинин аткарылышы, ошондой эле Өлкөнүн пенсия тутумун өнүктүрүүнүн концепциясы талкууланды.

2013-жыл 20-август