Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Султан Ибраимовдун 85 жылдык мааракесине арналган айкелди ачуу аземине катышты

 

Бүгүн, 2013-жылдын 21-августунда Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев советтик мамлекеттик жана партиялык көрүнүктүү ишмер Султан Ибраимовдун 85 жылдык мааракесине арналган айкелди ачуу аземине катышты. Айкел Чүй облусунун Токмок шаарында ачылды.

Өз сөзүндө мамлекет башчысы Султан Ибраимовдун өмүрү, анын көп жылдык жемиштүү эмгек ишмердиги Мекенге жана элге ак кызмат өтөөнүн үлгүсү болуп саналарын белгиледи. Президент Султан Ибраимов ар дайым элдин кызыкчылыгын, өлкөнүн кызыкчылыгын жеке кызыкчылыктан жогору койгондуктан, улуттук масштабдагы инсанга айлангандыгын баса белгиледи.

 “Султан Ибраимов биздин эсибизде өлкөбүздүн өнүгүүсүнө абдан зор салым кошкон таланттуу жетекчи, чынчыл жана адилет адам катары кала берет. Анын кадыр-баркын, эмгегин эл эч качан унутпайт”, - деп айтты Алмазбек Атамбаев.

Президент Султан Ибраимов совет доорундагы жаратман муундун көрүнүктүү өкүлү болгондугун баса белгиледи. “Биз мына ошол адамдар, ошол муун кылган эмгегинин үзүрүн 20 жылдан бери көрүп келе жатабыз. Эгер эгемендиктин жылдарында Султан Ибраимовичтей, анын замандаштарындай иштей турган болсок, анда бүгүнкү күнү Кыргызстан таптакыр башка болор эле. Ал өзүнүн эмгек жолун тракторист болуп баштап, кийин өзүнүн каармандыгы, чынчылдыгы, тайманбастыгы менен республиканын Министрлер Советинин төрагалыгына чейин өсүп жеткен”, - деп белгиледи Алмазбек Атамбаев.

Ошондой эле Султан Ибраимов өзүнүн болгон күч-кубатын, билимин жана тажрыйбасын ишине жумшагандыгы айтылды. Айрыкча Ош облусун өнүктүрүүдөгү анын эмгеги өзгөчө баса белгиленди.

“Он жылдан ашуун Ош обкомунун биринчи катчысы болуп эмгектенип, ал облустун өнүгүүсүнө зор салым кошкон.  Анын жетекчилиги менен Ош шаарынын генералдык планы түзүлгөн. Генпландын негизинде шаардын жолдору оңдолуп, кичирайондор тургузулган. Облмамадминистрациянын имараты жана башка көптөгөн социалдык-маданий маанидеги объектилер курулган”, - деп баса белгиледи Президент.

“Мен биз Султан Ибраимов кыялданган өлкөнү курарыбызга ишенем”, - деди Алмазбек Атамбаев.

Салтанаттуу иш чарада ошондой эле Жогорку Кеңештин депутаттары, Өкмөт мүчөлөрү, коомдук ишмерлер, Султан Ибраимовдун үй-бүлөсү жана жакын туугандары, ошондой эле кызматташтары катышты.

 

2013-жыл 21-август