Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Чүй облусундагы мектептердин курулушунун жүрүшү менен таанышып чыкты

Бүгүн, 2013-жылдын 21-августунда Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Чүй облусундагы мектептердин курулушунун жүрүшү менен таанышты.

Мамлекет башчысы, атап айтсак, Чүй районундагы Он бир-Жылга айыл аймагынын Маданият айылындагы Б. Маленов атындагы тогуз жылдык мектептин 2011-жылы башталган курулушунун жүрүшү менен таанышып чыкты.

Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарбасы мамлекеттик агенттигинин директору Каныбек Нарбаев белгилегендей, мектептин жаңы имараты 150 окуучулук орунга эсептелген. Азыркы учурга бардык жер иштери аткарылган, пайдубалы түптөлүп, тышкы суу түтүктөрү куралган. Ошондой эле окуу блогунун дубалдары тургузулуп, спорт залынын курулушу жүрүп жатат.

Алмазбек Атамбаев курулуш иштеринин кашаң жүрүп жаткандыгын  белгилеп, Каныбек Нарбаевге мектептин жаңы имаратын ушул жылы күздүн акырына чейин пайдаланууга берүүнү камсыз кылууну тапшырды.  

Президент ошондой эле билим берүү мекемелеринин курулушуна бөлүнгөн каражаттарды өздөштүрүүгө контролду күчөтүү зарылдыгын белгиледи.

Андан ары Мамлекет башчысы Аламүдүн районундагы Аламүдүн №2 орто мектебинин жаңы имаратынын курулушунун жүрүшү менен да таанышып чыкты.

Каныбек Нарбаевдин маалыматы боюнча бул объектте курулуш-куроо иштеринин бардыгы аткарылган, имараттын үстү жабылып, айнектелген, ошондой эле ички электр өткөргүчтөрү толугу менен өткөрүлгөн.

Алмазбек Атамбаев билим берүү мекемесинин курулушунун мөөнөтүнүн создугуп кеткендигин катуу эскертти. “Каржы министрлигине эч кандай доомат жок – бардык каражаттар өз убагында которулуп жатат. Маселе аткарууда”, - деп баса белгиледи Президент.  

Мамлекет башчысы тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилерине объекттердин наркынын негизделгендигин карап чыгууну, каражаттарды өздөштүрүүгө контролду күчөтүүнү жана бул мектептин курулушун 2013-жылдын 15-сентябрына карата бүткөрүүнү тапшырды.

2013-жыл 21-август