Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Эгемберди Эрматовду кабыл алды

Бүгүн, 2013-жылдын 22-августунда, Кыргыз Республикасынын  Президенти Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик тил боюнча Улуттук комиссиянын төрагасы Эгемберди Эрматовду кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө Мамлекеттик тил боюнча Улуттук комиссиянын төрагасы Президентке өлкөдө тил саясатын өркүндөтүү боюнча жумушчу топтун ишмердүүлүгү боюнча маалымат берди.

Ошондой эле, жолугушууда  “Кыргыз Республикасында мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгынын аткарылышы, 23-сентябрда белгиленчү Мамлекеттик тилдин күнүн уюштурууга байланыштуу маселелер дагы талкууланды.

2013-жыл 22-август