Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевди кабыл алды

Бүгүн, 2013-жылдын 23-августунда Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевди кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө тышкы иштер министри Мамлекет башчысына ушул жылдын 11-12-сентябрына пландаштырылган Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпиндин Кыргызстанга биринчи жолку мамлекеттик сапарын жана Бишкек шаарында 2013-жылдын 13-сентябрында өтө турган Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин (ШКУ Саммити) кезектеги отурумун өткөрүүгө даярдыктын жүрүшү жөнүндө маалымат берди.

Президент КЭРдин төрагасынын Кыргызстанга сапарынын жана ШКУнун Бишкек Саммитинин мазмундук бөлүгүн сапаттуу даярдоо боюнча конкреттүү тапшырмаларды берди.

 

2013-жыл 23-август