Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев билим берүү жана илим министри Канат Садыковду кабыл алды

Бүгүн, 2013-жылдын 26-августунда, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри Канат Садыковду кабыл алды.

Билим берүү жана илим министри Президентке окуу жайларынын жаңы окуу жылына даярдыгынын жүрүшү жөнүндө маалымат берди.

Президент окутуучуларга эмгек акы төлөөдө кечиктирүү болбостугун жана министрлик окуучуларды бардык зарыл материалдар менен камсыздоо үчүн болгон күч-аракетин жумшашы керектигин белгиледи.

Ошондой эле жогорку билим берүү тутумун реформалоо талкууланды. 

Министрдин маалыматы боюнча жаңы 2013-2014-жылда республиканын жалпы орто билим берүү тутумунда 1 млн. окуучуну камтыган 2204 жалпы билим берүүчү мектеп, ошондой эле 115 812 баланы камтыган 819 мектепке чейинки уюм иштейт.

Үстүбүздөгү жылы 1-сентябрга карата 15 билим берүү объектиси пайдаланууга берилсе, ал эми 2013-жылдын аягына чейин дагы 29 объектти пайдаланууга берүү пландаштырылууда.

2013-жыл 26-август