Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев эл аралык мелдештерде ийгиликтерге жетишкен кыргызстандык спортчуларды кабыл алды

Бүгүн, 2013-жылдын 27-августунда, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев эл аралык мелдештерде ийгиликтерге жетишкен алдыңкы спортчуларды кабыл алды.

Жолугушууда Казанда өткөн Бүткүл дүйнөлүк жайкы Универсиада – 2013тө күмүш медаль жеңип алган Самат Надырбек уулу, Сеулда өткөн спорттук бийлер боюнча Бүткүл дүйнөлүк эл аралык ачык чемпионатта коло медаль жеңип алышкан Алексей Кибкало жана Татьяна Когадей катышты.

Мамлекет башчысы спортчуларды эл аралык турнирлердеги ийгиликтери менен куттуктады жана аларга ийгиликтүү спорттук карьераны каалады.

“Жеңиш үчүн силерге ыракмат. Биз силер менен сыймыктанабыз. Силердин жеңишиңер Кыргызстанга керек. Силерди көрүп, жаштарыбыз өсөт. Мамлекет өз тарабынан мыкты спортчуларды колдоп, көмөк көрсөтөт”, - деп баса белгиледи Алмазбек Атамбаев.

Жолугушуунун жүрүшүндө Президент спортчуларга бир жолку акчалай сыйлыктарды жана эстелик белектерди тапшырды.

2013-жыл 27-август