Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Алмазбек Атамбаев: “Мамлекет диний кырдаалдын өнүгүүсүн өз алдынча таштап коё албайт”

 

“Мамлекет диний кырдаалдын өнүгүүсүн өз алдынча таштап коё албайт”, - деп билдирди бүгүн, 2013-жылдын 27-августунда Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Коомдук эксперттик кеңештин мүчөлөрү менен жолугушууда.

Жолугушууда диний чөйрөдөгү проблемаларга чоң көңүл бурулду. Бул багытта реалдуу кадамдар али жетишерлик жасала электиги белгиленди.

Президент мамлекет диний кырдаалдан сыртта тура албастыгын баса белгиледи. “Биз аны өз бет алдынча таштап коё албайбыз. Мамлекет бул максаттар үчүн бардык чараларды көрүүсү жана зарыл каражаттарды табуусу, кадамдарды алдын ала ойлонуп жана эсептөөсү керек”, - деп айтты Алмазбек Атамбаев.

Жолугушуунун жүрүшүндө олуттуу пикир алмашуу болду. Эксперттер Азиза Абдирасулова, Кимсанбай Абдурахманов, Атыркуль Алишева, Александр Иванов, Төлөйкан Исмаилова, Садыкжан Камалов, Юсур Лома, Кадыр Маликов, Турусбек Маразыков. Икбалжан Мирсайитов, Нурбек Өмүралиев, Искендер Ормон жана башкалар өз сунуш-пикирлерин айтышты.

Мамлекет башчысы өз кезегинде алар дыкат иликтенип жана мамлекеттик органдардын ишинде эске алынарын белгиледи.

Кеңештин мүчөлөрү Президенттин жана этностор аралык, конфессиялар аралык саясат жаатындагы таанымал эксперттердин катышуусунда органдын ишинде жигердүү фазанын башталышына күчтүү түрткү берген олуттуу жана иштиктүү сөз болгондугун айтышты.

Маалымат үчүн: Коомдук эксперттик кеңеш этностор аралык, конфессиялар аралык өнүктүрүү чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты түзүү жана жүзөгө ашыруу боюнча ишке жарандык коомдун жана эксперттик жамааттын өкүлдөрүн тартуу максатында түзүлгөн Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу кеңеш берүүчү орган болуп саналат. Коомдук эксперттик кеңештин негизги милдети этностор аралык, конфессиялар аралык өнүктүрүү маселелери боюнча сунуштарды иштеп чыгуу болуп саналат.

 

2013-жыл 27-август