Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Алмазбек Атамбаев: “Мамлекеттик органдар азырынча этностор аралык жана башка маселелерди чечүүдө эскперттик коомчулуктун мүмкүнчүлүгүн толук пайдаланбай жатышат”

“Мамлекеттик  органдар азырынча этностор аралык жана башка маселелерди  чечүүдө эскперттик коомчулуктун  мүмкүнчүлүгүн толук пайдаланбай жатышат”,-деп билдирди бүгүн, 2013-жылдын 27-августунда, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу этностор, конфессиялар аралык мамилелерди өнүктүрүү маселелери боюнча Коомдук эксперттик кеңештин мучөлөрү менен өткөргөн жолугушуу учурунда.

Мамлекет башчысы кириш сөзүндө өлкөдө этностор, конфессиялар аралык мамилелерди өнүктүрүү саясатын калыптандырууда мамлекеттик органдарды колдоо максатында түзүлгөн Кеңештин маанисин баса белгиледи. Түзүлгөн бир жылдын аралыгында  Коомдук эксперттик кеңеш мамлекеттик органдар менен жарандык коомдун өз ара кызматташуусунда маанилүү аспапка айлангандыгын белгилеп өттү. “Бул мезгилдин аралыгында  ар тараптан таразаланган жана натыйжалуу  этностор аралык саясатты жүргүзүүнүн концептуалдык негизин жана базалык инфраструктурасын түзүүгө жетиштик. Кийинки этапта Кенеш туруктуулукту  жана элдин биримдигин чыңдоо  ишинде мамлекеттик органдарга   эксперттик колдоо көрсөткөн иштиктүү институтка айланууга тийиш.  Эми кабыл алынган  стратегиялык документтерди  конкреттүү ишке ашыра турган мезгил келди. Акыркы  чакан конфликттер көрсөткөндөй, мамлекеттик органдар  азырынча эксперттердин мүмкүнчүлүктөрүн толук пайдаланбай жатышат. Мурда көнгөн   ыкмаларды пайлананышууда”,- деди Алмазбек Атамбаев.

Мамлекет башчысы  этностор аралык мамилелер, дин чөйрөсүндөгү маселелер  Кыргызстанда көп жылдар бою  топтолуп, эми коом алдына коркунучтарды жаратып жаткандыгын белгиледи. “Бул маселелер  абдан татаал. Аларды кайсы бир мамлекеттик орган жалгыздап чече албайт. Бул маселелерди кеңири олтуруп талкуулоо зарыл. Идеялардын жана сунуштардын атаандашуусу, кызыкдар жарандар менен эксперттерди тартуу зарыл. Ошондуктан мен  туруктуу иштеген эксперттик кеңешти уюуштуруу демилгесин колдоого алгам”,- днр белгиледи Алмазбек Атамбаев.

Президент эксперттерге аткарган иштерине ыраазычылык билдирип, бир жыл ичинде кеңеш этностор аралык мамилелер боюнча бир топ маселелерди илгерилетүүгө көмөк көрсөткөндүгүн айтып өттү.

“Биз этностор аралык чыр-чатакты көкүтүү, кастыкты тутандыргандыгы үчүн жазанын сөзсүз колдонулушуна жетишүүгө  тийишпиз”,-деп баса белгиледи мамлекет башчысы.

Президент ошону менен бирге мамлекеттик тил маселесине эксперттердин көңүлүн бурду. Жарлык мамлекеттик тилди колдоого да, кыргызстандыктардын жаңы, көп тилдүү муунун түзүүгө да багытталгандыгына  токтолду.

Маалымат үчүн: Коомдук эксперттик кеңеш этностор аралык, конфессиялар аралык өнүктүрүү чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты түзүү жана жүзөгө ашыруу боюнча ишке жарандык коомдун жана эксперттик жамааттын өкүлдөрүн тартуу максатында түзүлгөн Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу кеңеш берүүчү орган болуп саналат. Коомдук эксперттик кеңештин негизги милдети болуп этностор аралык, конфессиялар аралык өнүктүрүү маселелери боюнча сунуштарды иштеп чыгуу саналат.

2013-жыл 27-август