Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Казакстандын Президенти Нурсултан Назарбаев менен жолугушту

Бүгүн, 2013-жылдын 13-сентябрында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттеринин Башчыларынын Кеңешинин 13-Саммитине катышууга келген Казакстан Республикасынын Президенти Нурсултан Назарбаев менен жолугушту.

Кадырлуу мейман менен болгон жолугушууда Алмазбек Атамбаев Нурсултан Назарбаевдин Кыргызстанга келишине кубанычта экенин белгилеп, жакында болуп өткөн Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин отурумунда жолукканын эскертти. “Биз мындан да көбүрөөк жолугушуп турушубуз керек”, - деди Кыргызстандын Президенти.

Нурсултан Назарбаев өз кезегинде бир тууган өлкөгө жакшы маанайда келгенин белгилеп, кыргыз тараптын жылуу тосуп алуусуна ыраазычылыгын билдирди. Ал ошондой эле Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттеринин Башчыларынын Кеңешинин Бишкектеги Саммитинин маанисин белгилеп өттү.

Тараптар ШКУ Бишкек Саммитинин аймактык кызматташтык жана коопсуздук жаатындагы маанилүүлүгүн да белгилешти.

Жолугушуунун жүрүшүндө Мамлекет башчылары ошондой эле ар тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин жана мамлекеттер ортосундагы байланышты бекемдөө боюнча мындан аркы кадамдарды талкуулашты.

 

2013-жыл 13-сентябрь