Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргызстандын Президенти Алмазбек Атамбаев ШКУ Саммитинин жыйынтыгы боюнча пресса үчүн билдирүү жасады

Бүгүн, 2013-жылдын 13-сентябрында Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев ШКУга мүчө-мамлекеттеринин Кеңешинин Саммитинин жыйынтыктары боюнча пресса үчүн билдирүү жасады.

Билдирүүнүн тексти:

Биздин көз карашыбызда, бүгүн биз Шанхай кызматташтык уюмунун алкагында өз ара түшүнүктү жана конструктивдүү кызматташтыкты бекемдөө жолунда дагы бир натыйжалуу кадам жасадык.

 Жолугушуунун жүрүшүндө абдан конструктивдүү жана достук маанайда дүйнөдөгү жана аймактагы абал боюнча ой бөлүшүүлөр болду, ошондой эле ШКУнун алкагында багыттардын абдан кеңири тармактары боюнча мындан аркы өз ара кызматташуунун өнүгүүсү боюнча чечим кабыл алынды. 

Биз кабыл алган жыйынтыктоочу Декларация дагы чоң эл аралык мааниге ээ. Анда дүйнөдөгү абалга карата макулдашылган принципиалдуу баалоолор бекитилген.

Бүгүн ошондой эле Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттеринин ортосундагы узак мөөнөттүү жакшы коңшулаштык, достук жана кызматташтык жөнүндө Макулдашуунун жоболорун ишке ашырууу боюнча 2013-2017-жылдарга иш-аракеттер Планы бекиди. Аталган Макулдашууга туура 6 жыл мурда мамлекеттердин башчылары тарабынан ушул эле Бишкектен кол коюлганы символикалуу болуп калды.

Биз, мындайча айтканда, “үч коркунуч” - терроризм, сепаратизм жана экстремизм менен күрөшүүдө жана баңгизаттардын, трансулуттук уюшкан кылмыштуулук, курал-жаракты мыйзамсыз айлантуу коркунучуна каршы туруу боюнча мындан аркы активдүү иш жүргүзүүнү макулдаштык.

Саммиттин жыйынтыктары боюнча ошондой эле улуттук экономика, тыгыз инвестициялык шериктештик, транспорттук ташуулар жана коммуникациялар, агроөнөр жай комплекси, ШКУ Өнүктүрүү фондун жана ШКУ өнүктүрүү банкын түзүү боюнча маселени иликтөө боюнча иштерди аягына чыгаруу жаатында жалпы кызматташтыкка болгон бирдиктүү көз караш да аныкталды.

Мамлекет башчылары жакшы коңшулаштыкты, достукту жана кызматташтыкты бекемдөө, рухий жактан жакындоо, маданият аралык диалогду алдыга жылдырууну өнүктүргөн илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык тармактарда, туризм жаатында алака түзүүнүн маанисин белгилешти.

ШКУга мүчө-мамлекеттеринин Кеңешинин Саммитинин кийинки отурумун 2014-жылы Душанбе шаарында өткөрүү чечими кабыл алынды. Ошентип, Кыргыз Тарап бүгүнкү күндөн баштап Уюмда төрагалык кылуу эстафетасын Тажикстан Республикасына өткөрдү.

 Жыйынтыгында, дагы бир жолу өзүмдүн кесиптештериме бирдиктүү натыйжалуу ишибиз үчүн жана силерге, журналисттерге көңүл бурганыңар үчүн жана Бишкектеги ШКУ Саммитин чагылдырып бергениңер үчүн ыраазычылык билдирип кетким келет.

2013-жыл 13-сентябрь