Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Тажикстандын Президенти Эмомали Рахмон менен жолугушту

Бүгүн, 2013-жылдын 13-сентябрында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттеринин Башчыларынын Кеңешинин отурумуна катышууга келген Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон менен жолугушту.

Кадырман мейман менен жолугушуу учурунда Президент Алмазбек Атамбаев Тажикстан Республикасын жана Президент Эмомали Рахмонду ШКУга төрагалык кылуусунун башталышы менен куттуктады.

Өз кезегинде Эмомали Рахмон кесиптешин Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттеринин Башчыларынын Кеңешинин Бишкектеги отурумунун ийгиликтүү өтүшү менен куттуктап, уюштуруу деңгээлин жогору баалады.

Ошондой эле Эмомали Рахмон Алмазбек Атамбаевди Тажикстанга расмий сапар менен Кыргызстан Президентине ылайыктуу болгон мезгилге чакырды.

Жолугушуунун жүрүшүндө Мамлекет башчылары ар тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкулап, эки өлкөнүн мамлекеттик органдарына өз ара байланышты чыңдоону активдештирүүнү тапшырышты.

 

2013-жыл 13-сентябрь