Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Россиянын Президенти Владимир Путин менен жолугушту

Бүгүн, 2013-жылдын 13-сентябрында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттеринин Башчыларынын Кеңешинин отурумуна катышууга келген Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин менен жолугушту.

Президент Владимир Путин Президент Алмазбек Атамбаевге жылуу тосуп алууга ыраазычылык билдирип, ШКУга мүчө-мамлекеттеринин Башчыларынын Кеңешинин Саммити сыяктуу ири иш-чаранын уюштуруу деңгээлин жогору баалады. 

Ал белгилегендей, иш-чаранын эң жогорку деңгээлде өтүшү жана бир катар мамлекеттердин ага катышуусу өлкөнүн эл аралык саясий аренадагы абройунун өсүшүн айгинелеп турат.

Тараптар кыргыз-россиялык эки тараптуу мамилелердин күн тартибинде турган актуалдуу маселелерин, биргелешкен ири долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшүн жана ошондой эле эки тараптуу да, ар тараптуу да кызматташтыкты талкуулашты.

Өз кезегинде Алмазбек Атамбаев россиялык кесиптешине ШКУ Саммитине катышкандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, эки Президенттин туруктуу жолугушуулары мамлекеттер ортосундагы тыгыз байланыштар тууралуу айтып турганын белгиледи.

 

2013-жыл 13-сентябрь