Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев расмий сапар менен Европа Союзуна жана жумушчу сапар менен Бельгия Королдугуна барат

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев 2013-жылдын 16-сентябрынан 20-сентябрына чейин расмий сапар менен Европа Союзуна жана жумушчу сапар менен Бельгия Королдугуна  барат.

Сапардын жүрүшүндө мамлекет башчысы Бельгиянын Королу, Бельгиянын Федералдык  Парламенттин, Европа Парламентинин, Европа Кеңешинин, Европа Комиссиясынын жана НАТОнун жетекчиликтери менен жолугушат.

Бельгиянын жетекчилиги менен түрдүү тармактарда кыргыз-бельгия эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүү маселелери талкууланат.

Европа Союзунун институттары менен жолугушуулардын алкагында Кыргыз Республикасынын Европа Союзу менен  көп тараптуу жана  эки тараптуу  кызматташуусунун актуалдуу маселелери, тактап айтканда, саясый, соода-экономикалык, парламенттер аралык өз ара кызматташуу жана эл аралык тематика, НАТО менен – 2014-жылы Афганистандан эл аралык коалициянын  аскерлери чыгарылгандыгына, 2014-жылы Транзиттик ташуулардын борбору өз ишин аякташына байланыштуу регионалдык коопсуздук жана эл аралык терроризмге каршы туруу, баңгитрафикке каршы күрөшүү маселелери талкууланмакчы.

Сапардын алкагында  ошону менен катар  Кыргыз Республикасы менен Европа Союзунун ортосундагы эки тараптуу бир катар документтерге кол коюу пландаштырылууда.

2013-жыл 16-сентябрь