Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Коргоо кеңешинин катчысы Бейшенбай Жунусовду кабыл алды

Бүгүн, 2013-жылдын 16-сентябрында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасынын Коргоо Кеңешинин катчысы Бейшенбай Жунусовду кабыл алды.

Коргоо кеңешинин катчысы Президентке 2013-жылдын 23-сентябрында Россия Федерациясынын Сочи шаарында өткөрүлө турган ЖККУнун Жамаатык коопсуздук кенешинин Саммиттине даярдыктын жүрүшү тууралуу  маалымат берди.  

Ошондой эле жолугушуунун жүрүшүндө жакында өткөрүлө турган Коргоо кеңешинин отурумуна даярдык  көрүү маселелери  талкууланды.

Андан тышкары республикасынын күч түзүмдөрүнүн  ишмердигин координациялоону жакшыртуу боюнча Коргоо кеңеши тарабынан  жасалып жаткан кадамдар, өлкөдө  коопсуздукту камсыз кылуу боюнча чаралар  каралды.

2013-жыл 16-сентябрь