Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Европарламенттин Төрагасы Мартин Шульц менен жолугушту

Бүгүн, 2013-жылдын 17-сентябрында, Брюсселде, Европа союзуна жасаган расмий сапарынын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Европа парламентинин Төрагасы Мартин Шульц менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө  Кыргызстанда  парламенттик демократияны өнүктүрүү жана өлкөнүн шайлоо системасын өркүндөтүү маселелери  талкууланды. Ошону менен бирге  Борбордук  Азиядагы жагдай дагы талкууга алынды.

Мартин Шульц Европарламент   Кыргызстанда келерки парламенттик жана  президенттик шайлоолорду өткөрүүгө көмөктөшөөрүн белгиледи.

 “Кыргызстан биз үчүн Борбордук Азиядагы стратегиялык өнөктөшүбүз. Демократияны өнүктүрүү үчүн  мыйзамдын  үстөмдүгү болушу  зарыл. Европа парламенти   Кыргызстандагы келерки шайлоолор демократиянын шарданында өтүшүнө ара тараптуу көмөк көрсөтөт. Жакын арада  Кыргызстанга  эксперттердин тобу жөнөтүлөт, алар  келерки  шайлоолорго колдоо көрсөтүү үчүн   керектүү иш-чаралардын тизмесин түзөт”,- деди Европарламенттин Төрагасы

“Биз бардык маселелер боюнча  тил табыштык. Кыргызстанда  2 жылдан кийин парламенттик жана 4 жылдан кийин президенттик шайлоолорду өткөрүүгө  колдоо алганыма абдан кубанчтамын. Таза шайлоо – күчтүү бийликтин  кепилдиги экендигине толук ишенем”,- деди Алмазбек Атамбаев.

2013-жыл 17-сентябрь