Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Европалык кеңештин Төрагасы Херман Ван Ромпей менен жолугушту

Бүгүн, 2013-жылдын 17-сентябрында, Брюсселде, Европа союзуна жасаган расмий сапарынын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Европалык кеңештин Төрагасы Херман Ван Ромпей менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан жана Европалык кеңештин ортосундагы кызматташтыктын актуалдуу маселелери талкууланды.

Херман Ван Ромпей Президент Алмазбек Атамбаев менен учурашып, туулган күнү менен куттуктады. «Мен Кыргызстан элинин татаал өзгөрүлүп тарган шарттарда демократияны өнүктүрүүнү улантуу чечкиндүүлүгүнө абдан таасирлендим. Европалык Союз Кыргызстанды колдогон жана колдой берет», - деди Европалык Союздун Төрагасы.

Херман Ван Ромпей ошондой эле Европалык Союздун Кыргызстандын 2013-2017-жылга карата Туруктуу өнүгүүсүнүн Улуттук Статегиясынын негизги приоритеттерин жана өзгөчө анын жакшы турукташтырылган жана бардык жагын камтыган тезистерин колдогонун билдирди.

Ал белгилегендей, Европалык Союз Кыргызстандын юриспруденция системасын реформалоо жана коррупция менен күрөшүүгө болгон багытын жогору баалайт жана бул багытта колдоо көрсөтөт.

Европалык кеңештин төрагасы Алмазбек Атамбаев менен болгон жолугушууда Афганистандагы кырдаал талкууланганын жана Европалык Союз аймактын өнүгүшүнө чоң маани бере турганы көнүл чордонунда болгонун белгиледи. «Президент Алмазбек Атамбаевдин келиши зор мааниге ээ, ал эми жаңы макулдашуулар биздин мамилелердин мындан аркы бекемдешине өбөлгө түзөт. Европалык Союз Кыргызстандагы демократиялык реформалардын жүргүзүүсүнө колдоо көрсөтөт», - деди Херман Ван Ромпей.

«Биз Кыргызстандагы адам укугун коргоо программасын талкууладык, улуттук азчылык жана адам укугу, юстициянын иш-аракеттери менен биргеликте эффективдүү чара көрүү системасы ийгиликтин башаты болорун макулдаштык», - деп билдирди Херман Ван Ромпей.

Президент Алмазбек Атамбаев өз кезегинде Европалык кеңештин башчысын Европалык Союздун институттарына баруу мүмкүнчүлүгү жана көйгөйлөр тууралуу сүйлөшүү, аларды чечүү жолдору, бул багытта биргеликте иштөө мүмкүнчүлүгү үчүн ыраазычылык билдирди.

Өлкө башчысы белгилегендей, мамлекетте Коррупция менен күрөшүү стратегиясы кабыл алынган жана бул кылмыштын түрү  менен күрөшүүнүн эсебинен бюджетке эки эсе көп киреше түшкөнүн маалымдады.

Президент ошондой эле саясий партиялардын катышуусу менен Өлкөнү туруктуу өнүктүрүү кеңеши аркылуу Улуттар аралык ынтымакты бекемдөө Концепциясы бекигенин да маалымдады. «Кыргызстан үчүн 2015-жылы парламентке шайлоо, 2017-жылы президенттик шайлоонун таза өтүшү маанилүү. Кыргызстанды өнүктүрүү стратегиясында экономика жана коррупция менен күрөшүү бөлүмдөрү менен бирге таза шайлоону өткөрүү боюнча да бөлүм бар», - деп белгиледи Президент.

«Мен ушул маселеде түшүнүккө жетишкенибиз боюнча Европалык кеңештин төрагасына абдан ыраазымын. Менин оюмча, Европалык Союз парламентке болгон таза шайлоодо бизге колдоо көрсөтөт. Бул дагы өз кезегинде 2017-жылдагы президенттик шайлоо таза өтөт дегендин кепилдиги болуп берет», - деп сөзүн жыйынтыктады Алмазбек Атамбаев.

2013-жыл 17-сентябрь