Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Европа комиссиясынын төрагасы Жозе Мануэль Баррозу менен жолугушту

Бүгүн, 2013-жылдын 17-сентябрында, Брюсселде, Европа союзуна жасаган расмий сапарынын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Европа комиссиясынын төрагасы Жозе Мануэль Баррозуменен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө  Кыргыз Республикасы менен Европа комиссиясынын  ортосундагы мамилелерди  мындан ары өнүктүрүү   боюнча актуалдуу маселелер талкууланды.

Европа комиссиясынын  төрагасы  Алмазбек Атамбаевди туулган күнү менен куттуктап, ишинде ийгиликтерди каалады. Европа комиссиясы  Кыргызстанга  демократиялык реформаларды  ишке ашырууда мындан ары дагы  колдоо көрсөтөөрүн белгиледи.

”Азыркы жолугушуу биздин өз ара мамилелерди чыңдайт. Кыргызстан -  ЕС үчүн Борбордук  Азиядагы абдан маанилүү стратегиялык өнөктөш.  Евросоюз    экономикалык жана башка реформаларды жүргүзүү, көп партиялуу системаны куруу боюнча Кыргызстандын  тандоосун жогору баалайт. Демократия орнотуу – үзгүлтүксүз процесс. Сиздердин өлкө  кыйла проблемаларга туш келип жатат. Мамлекетте мыйзамдын үстөмдүгү орнотулууга тийиш”,- деди Европа комиссиясынын төрагасы.

Президент Алмазбек Атамбаев  Европа комиссиясынын  төрагасын Кыргызстанда  мыйзамдын үстөмдүгүн колдоо боюнча жаңы долбоорду ишке ашыргандыгы үчүн ыраазычылыгын билдирди. “Биздин мамилелер жаңы деңгээлге чыгаарына ишенем”,- деди Алмазбек Атамбаев.

Мамлекет башчысы Жозе Мануэль Баррозуну Кыргызстанга ыңгайлуу учурда келип кетүүгө чакырды.

2013-жыл 17-сентябрь