Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Европа союзунун тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча Жогорку өкүлү Кэтрин Эштон менен жолугушту

Бүгүн, 2013-жылдын 17-сентябрында, Брюсселде, Европа союзуна жасаган расмий сапарынын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Европа союзунун тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча Жогорку өкүлү  Кэтрин Эштон менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө  Европа союзунун  жетекчилиги менен өткөрүлгөн жолугушуулар  талкууланды. Тараптар  Европа союзу менен Кыргыз Республикасынын ортосунда  жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу максатында  тыгыз кызматташуунун зарылчылыгын  баса белгилешти.

Кэтрин Эштон Президент Алмазбек Атамбаевди коюлган маселелер Европа союзунун жетекчилиги тарабынан жакшы каралат, анткени алар Кыргызстанда демократияны чыңдоого багытталган деп  ынандырды.

2013-жыл 17-сентябрь