Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Тажикстандын Президенти Эмомали Рахмон Президент Алмазбек Атамбаевди туулган күнү менен куттуктады

Бүгүн, 2013-жылдын 17-сентябрында, Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон  Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевди туулган күнү менен куттуктады.

Куттуктоо телеграммасында мындай деп белгиленет:

«Урматуу Алмазбек Шаршенович,

Туулган күнүңүз менен чын дилимден куттуктайм.

Бул жакшы окуя  мага тажик-кыргыз кызматташуусун мындан ары өнүктүрүүгө биз өтө кызыктар экендигибизди дагы бир ирет баса белгилеп кетүүгө мүмкүнчүлүк берет.  Тажикстан менен Кыргызстандын жана эки мамлекеттин элдеринин түпкүлүктүү кызыкчылыктарына жооп берген  өлкөлөрүбүздүн ортосундагы кызматташууну  ырааттуулук менен кеңейтүү жана тереңдетүү үчүн биз бардык аракеттерди  жумшайбыз.

Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып Сизге чың ден соолук, зор бакыт-таалай жана бир тууган Кыргызстанды өнүктүрүүдө, эл жыргалчылыгын арттырууда, эки тараптуу салттуу жакшы коңшулаштык мамилелерди чыңдоодо жаңы жетишкендиктерди каалайм.

Чын дилимден,

Тажикстан Республикасынын Президенти

Эмомали Рахмон».

2013-жыл 17-сентябрь