Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кенешинин сессиясына катышууда

Бүгүн, 2013-жылдын 23-сентябрында, Россия Федерациясынын Сочи шаарында, Кыргыз Республикасынын Президенти, Жамааттык коопсуздук кенешинин Төрагасы Алмазбек Атамбаев ЖККУнун Жамаатык коопсуздук кенешинин  сессиясына катышууда.
 
Мамлекет башчысы россия тарапка  меймандостугу  жана коллегаларына Кыргызстандын ШККУда төрагалык кылган мезгилде көрсөткөн көмөгү үчүн ыраазычылык билдирди.
 
Президент Алмазбек Атамбаев ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кенешинин Төрагалыгын Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путинге расмий түрдө өткөрүп берди.
 
“Биз төрагалык кылган мезгилде жакшы жылыштар болду. Ал туурасында Николай Николаевич Бордюжа чечмелеп айтып берет. Менимче биз жаман иштеген жокпуз. Бүгүн ЖККУнун уставдык документтерине ылайык, Уюмдагы  Төрагалык Россия Федерациясына өтөт. Мен Төрагалыкты Владимир Владимирович Путинге өткөрүп берем жана ийгиликтерди каалайм”,- деди Алмазбек Атамбаев
 
ЖККУнун Жамаатык коопсуздук кеңешинин сессиясына Кыргыз Республикасынын Президенти  Алмазбек Атамбаев, Россия Федерациясынын Президенти  Владимир Путин, Таджикистан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон, Армения Республикасынын Президенти Серж Саргсян, Беларусь Республикасынын Президенти Александр Лукашенко, Казакстан Республикасынын Премьер-министри Серик Ахметов жана ЖККУнун Башкы катчысы  Николай Бордюжа катышууда.
2013-жыл 23-сентябрь