Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Россиянын Президенти Владимир Путин менен жолугушту

Бүгүн, 2013-жылдын 23-сентябрында, Россия Федерациясынын Сочи шаарында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев ЖККУнун Жамаатык коопсуздук кенешинин   сессиясына катышуунун алкагында Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу кызматташууну өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелери,  ЖККУнун алкагында Кыргызстан менен Россиянын өз ара кызматташуусу, ошондой эле эки өлкөнүн ортосунда  буга чейин жетишилген макулдашуулардын ишке ашырылышы талкууланды. 

2013-жыл 24-сентябрь