Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Сауд Аравиянын Аш-Шура Межлисинин Төрагасы Абдалла Бин Мухаммад Бин Ибрахим Аль Аш-Шейхти кабыл алды

Бүгүн, 2013-жылдын 25-сентябрында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев өлкөдө расмий сапар менен жүргөн Сауд Аравия Королдугунун Аш-Шура Межлисинин Төрагасы Абдалла Бин Мухаммад Бин Ибрахим Аль Аш-Шейхти кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен Сауд Аравиясы ортосундагы мамлекеттер аралык жана парламенттер аралык деңгээлдеги кызматташтык маселелери талкууланды.

Президент Алмазбек Атамбаев жана Межлистин Төрагасы Абдалла Бин Мухаммад Бин Ибрахим Аль Аш-Шейх акыркы кезде өлкөлөр ортосундагы мамилелер жаңы сапатка ээ болгонун, эки тараптуу сапарлар көбөйгөнүн жана Бишкекте Сауд Аравия Королдугунун Элчилиги ачылганын белгилешти.

Ошондой эле улуу даражалуу конок Президент Алмазбек Атамбаевге Сауд Аравиянын Королунун саламын айтты.

 

2013-жыл 25-сентябрь