Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Россиянын биринчи Президенти Б.Н.Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетин 20 жылдык мааракеси менен куттуктады

Бүгүн, 2013-жылдын 26-сентябрында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Россия Федерациясынын биринчи Президенти Б.Н. Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетин 20 жылдык мааракеси менен куттуктады.

Куттуктоонун тексти:

“Урматтуу достор!

Ардактуу Наина Иосифовна!

Россия Федерациясынын алгачкы Президенти Борис Николаевич Ельциндин  ысымын алып жүргөн  Кыргыз-Россия Славян университетинин 20 жылдык мааракесине арналган салтанаттуу жыйынга куш келипсиздер.

Борис Николаевич  жалпы эл тарабынан шайланган  Россиянын алгачкы Президенти катары тарыхта  түбөлүккө кала берет.  Өз өмүрүн эркиндик жана демократия үчүн  күрөшкө арнаган адам катары эсте калат. Россиянын жаркын келечегине   чындап ишенген өз элинин чыныгы уулу катары эскерилет.

Борис Николаевич Ельцин Президент катары билим берүүгө өзгөчө көңүл бурган.  Ошондуктан  Президент катары кол койгон алгачкы  жарлыгы Россиянын билим берүү тармагын өнүктүрүүгө арналган.

Борис Николаевичтин өлкөлөрүбүздүн ортосундагы кызматташууну чыңдоо боюнча жасаган эмгеги жана ролу жыл өткөн сайын даана билинүүдө. Бүгүн биз  Кыргыз-Россия Славян университети  Кыргызcтан менен Россиянын  кызматташуусунун ийгиликтүү долбоорлорунун бири болуп калды деп ишенимдүү айта алабыз.

Жыйырма жылдын аралыгында  университет  калыптануу мезгилин басып өттү. Сиздер көп нерсе жасадыңыздар, бирок алдыда мындан дагы көп иш жасаш керек. Бүгүн Кыргызстан  билимдүү, чынчыл адистерге, өлкө үчүн, аны кайра жаратуу үчүн талбай иштей турган адистерге муктаж.

Эркин,  туруктуу, гүлдөгөн өлкөнү куруу боюнча бизге берилген тарыхый мүмкүнчүлүктү  биз толук пайдаланалы.

Россиянын алгачкы Президенти ишенгендей мен дагы өз өлкөмдүн жаркын келечегине ишенем. Сиздерге, билимдин жаратман күчүнө ишенем. Биргелешип сөзсүз жаңы Кыргызстанды курабыз. Балдарыбыз жана неберелерибиз сыймыктангыдай мамлекетти кура алабыз.

Кымбаттуу достор!

Дагы бир ирет мааракеңер менен куттуктайм!

Бардыгыңыздарга  чың ден соолук, бакыт-таалай жана чыгармачылык ийгилик каалайм. Кыргызстан менен Россия бакубатчылыкта, тынчтыкта гүлдөп өнүгө берсин!

Кыргыз Республикасынын                 

Президенти                                                                         Алмазбек Атамбаев

 

2013-жыл 26-сентябрь