Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Дүйнөлүк банктын Борбордук Азия боюнча регионалдык директору Сарож Кумар Джаны кабыл алды

Бүгүн, 2013-жылдын 21-октябрында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Дүйнөлүк банктын Борбор Азия боюнча регионалдык директор Сарож Кумар Джаны кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен Дүйнөлүк банктын ортосундагы кызматташтыктын түрдүү маселелери талкууланды.

Президент Алмазбек Атамбаев өлкөнүн аталган өнүктүрүү институту менен кызматташтыктын маанисин белгиледи.

Өз кезегинде Дүйнөлүк банктын Борбордук Азия боюнча регионалдык директору Сарож Кумар Джа институт дагы Кыргызстан менен кызматташтыкты жогору баалаарын баса белгиледи.

Ал 2013-2017-жылдардын мезгилине Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясынын айрым долбоорлорун Дүйнөлүк банк каржылоого даяр экендигин белгиледи.

Андан тышкары, Дүйнөлүк банктын Борбордук Азия боюнча регионалдык директору Сарож Кумар Джа Президентке ак илбирсти сактоо боюнча Дүйнөлүк форумга келгендигин маалымдады.

Жолугушууга Дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы офисинин башчысы Александр Кремер  дагы  катышты.

2013-жыл 21-октябрь