Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Германиянын жаратылышты коргоо Союзунун президенти Олаф Чимпкени кабыл алды

Бүгүн, 2013-жылдын 22-октябрында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Германиянын жаратылышты коргоо Союзунун (НАБУ) президенти Олаф Чимпкени кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө Президент Алмазбек Атамбаев мейманга ак илбирсти сактоо боюнча Дүйнөлүк форумду колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирип,  аталган иш-чаранын өзгөчө маанисин белгиледи. “Бул иш-чараны жакшы улантуу үчүн биз бардык күч-аракеттерди жумшашыбыз керек”, - деп баса белгиледи Президент.

Мамлекет башчысы ошондой эле Кыргызстандын НАБУ менен кызматташтыгын мындан ары да активдештирүүнүн зарылдыгын белгиледи.

Өз кезегинде Олаф Чимпке Президент Алмазбек Атамбаевдин демилгесин толук колдоорун билдирди. Ал ак илбирсти сактоо боюнча Дүйнөлүк форумдун маселелерин ишке ашырууга көмөктөшөөрүн жана уюмдун Бишкектеги офисинин ишин  жандандыраарын  билдирди.

Жолугушууда Кыргызстандын НАБУ менен өлкөдөгү жана региондогу айлана чөйрөнү коргоо боюнча түрдүү  маселелери талкууланды.

Жолугушууга Германиянын жаратылышты коргоо Союзунун Федералдык директору Лейф Миллер жана НАБУнун Кыргызстандагы филиалынын директору Толкунбек Асыкулов дагы  катышышты.

2013-жыл 22-октябрь